Кыргызстанда аялдар үчүн 9,75%дан баштаган ипотека ишке кирди

03.09.2026 | 09:50
В Кыргызстане запустили ипотеку для женщин со ставкой от 9,75% — Новости Кыргызстана

«Кепилдик фонд» ААК, «Мамлекеттик ипотекалык компания» (МИК) ААК жана «Элдик Банк» ААК Азия өнүктүрүү банкы каржылаган «Аялдар үчүн ипотека жана жашыл ипотека» программасынын алкагында ипотекалык кепилдиктерди берүү боюнча кызматташуу тууралуу кошумча макулдашууга кол коюшту.

Жаңы программа боюнча баштапкы төгүм үчүн жеке каражаты жетишсиз же таптакыр жок жарандар да турак жай ала алышат — бул учурда жетишпеген бөлүгүн белгиленген шарттарда «Кепилдик фонд» ААКынын кепилдиги менен жабууга болот.

Программа Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы 65 млн доллар өлчөмүндө каржыланган «Арзан жана энергияны үнөмдөөчү турак жайга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоордун биринчи багыты — аялдар үчүн турак жай насыяларынын жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган «Аялдар ипотекасы» болду: Бишкек жана Ош шаарларында турак жай сатып алууда пайыздык чен жылдык 10,75%, ал эми өлкөнүн региондорунда 9,75%ды түзөт. Кийинки багыт энергияны үнөмдөөчү турак жайларды сатып алууга жана турак жай секторунда энергияны үнөмдөөчү чечимдерди киргизүүгө багытталган «Жашыл ипотека» болмокчу.

Эскерте кетсек, «Кепилдик фонд» ААК, «МИК» ААК жана «Элдик Банк» ААКтын турак жай программаларын ишке ашыруу боюнча кызматташтыгы 2022-жылдан бери жүрүп келет — 2022-жылдын 13-декабрында тараптар ипотекалык кепилдиктерди берүү боюнча биринчи кызматташуу макулдашуусуна кол коюшкан.

Теги: банк
Scroll to Top