Бишкек: Милиция табылган сөөктүн өздүгүн тактоого жардам сурайт — сүрөт

Бишкек: Милиция табылган сөөктүн өздүгүн тактоого жардам сурайт — сүрөт

Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 11-октябрында саат 23:40тар чамасында Кулиев-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 25-30 жаштагы азиат түспөлүндөгү жаранды тепловоз сүзүп кеткен.

Бул фактыны Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы РИИБге каттаган.

Белгилери: бою 165-170 см, орто дене түзүлүштө, мурду түз, бети сүйрү, чачы кара түстө, чачы аркайган, каштары жакын, кулактары жапыз, үстүнкү жана астыңкы жаагындагы тиштери өзүнчө.

Кийген кийимдери: кара жеңи кара боз күрмө, кара водолазка, кочкул көк түстөгү футболка, кара шым, боз трусы, кара боз байпак, боз көлөч.

Милиция: «Урматтуу жарандар, бул адамдын сөөгүнүн өздүгүн тактоого жардам берүүнү суранабыз. Сүрөттөгү адам тууралуу маалыматы барлар төмөнкү телефондор аркылуу кабарлашы керек: 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465, 0 (551) 088- 330 жана 102″.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>