Тигүүчүлөр жана электрондук соода менен алектенгендер бирдиктүү салыктан убактылуу бошотулдуНарында ок атуу боюнча жаңы спорттук тир ачылдыКыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректерКылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылдыБишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлат
Экс-премьер Жоомарт Оторбаевга сот өкүм чыгарды
11.01.2022 | 11:18
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2021-жылдын 30-декабрында мурдагы өкмөт башчыга өкүм чыгарганын, бүгүн, 11-январь күнү билдирди.
Маалыматка караганда, Жоомарт Оторбаевге Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин пайдасына 300 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу түрүндөгү жаза белгиленди.
Ал 2021-жылдын сентябрь айында кармалган. Андан эки ай өткөн соң бөгөт чарасы өзгөрүп, үй камагына чыккан.
2014-2015-жылдары премьер-министр болуп иштеген. Улуттук коопсуздук комитети Оторбаевди премьер-министр кезинде “мыйзамдын талаптарын бузуп, “Кумтөр Голд Компани” чет элдик ишканасынын “кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдук берген” деп айыптаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат