Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышарын жар салды – видео

Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышарын жар салды – видео

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышарын жар салды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына өзүнүн билдирүүсүн жайгаштырды.

Шер-Нияз парламентаризмди колдоо  үчүн ушундай чечимге келгенин айтат.

“Өлкөбүз кыйын абалда турганда мени менен бир болууга баарыңарды чакырам. Идея үчүн сатпаган жана сатылбагандар биригели. Болбосо, баягылар эле топтолуп алып, “добуш алып беребиз, болочок президент сенсиң” деп талапкерлерди аңга сүйрөп баратат. Эч кандай идея жок, жер-жерлерде кызмат талашуу, баскынчылык күчөп бара жатканын көрүп жатасыздар”, — деген ал.

Экс-депутат ошондой эле, президенттик башкаруу системасы жарабай турганын тарых төрт жолу тастыктаганын кошумчалаган.

“Биздин шорубуз президенттик башкарууда. Ошон үчүн мурдагы президенттер эл-жерине келе албай жүрөт. Керек болсо 1% добуш алган партиялар парламентке келсин. Парламентти куруткан дайыма президенттер болуп келген. Бизге президенттик башкаруу жарабай турганын тарых төрт жолу көрсөттү, тарыхтан сабак алалы”, – деген Шер-Нияз.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер болууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз берип, 7-декабрга чейин бир миллион сомдук күрөөнү жана керектүү документтерди тапшырышы керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышуу ниети менен 10 адамдан арыз түшкѳндүгүн билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>