Кыргызстан беш айда 823 тоннадан ашык цитрус жана тропикалык жемиштерди экспорттогонИран Ормуз кысыгын толугу менен жапты — 340 кеме өтүүнү күтүүдөДепутат күч түзүмдөрү үчүн аскердик госпиталдар жана медициналык борборлор жетишсиздигин билдирдиКыргызстанда ишин жаңы баштаган мугалим да 35 миң сомго жакын айлык алат — КендирбаеваБаткенде облустук прокуратуранын жаңы имараты ачылдыШКУнун жыйынына байланыштуу Бишкекте айрым жолдор убактылуу жабылат
Садыр Жапаров 11 министрдин коштоосунда Азербайжанга учуп кетти
24.04.2024 | 11:55
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде мамлекеттик сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалыматы кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугат.
Кыргызстандын расмий делегациясы:
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев;
- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
- санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева;
- транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
- энергетика министри Таалайбек Ибраев;
- экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
- эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова;
- саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
- юстиция министри Аяз Баетов;
- “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов;
- Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев;
- президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом