Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
Садыр Жапаров 11 министрдин коштоосунда Азербайжанга учуп кетти
24.04.2024 | 11:55
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде мамлекеттик сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалыматы кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугат.
Кыргызстандын расмий делегациясы:
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев;
- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
- санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева;
- транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
- энергетика министри Таалайбек Ибраев;
- экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
- эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова;
- саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
- юстиция министри Аяз Баетов;
- “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов;
- Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев;
- президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом