Бишкекте аялын сабаган адам кармалды

Бишкекте аялын сабаган адам кармалды

Бишкекте аялын сабаган адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга эркек киши аялды унааны айлантып кууп, андан кийин кармап алып, урганы тартылган видео тараган. Видеодо аялды сабаган адамдын сүрөтү, сабалган келиндин денесиндеги тактары тартылган сүрөттөр жарыяланган.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя Бишкектин Кара-Жыгач конушунда болгон. Милицияга аял киши кайрылып, күйөөсү уруп-сабап, зомбулук көрсөтүп жүргөнүн айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Бул ишке шектүү катары 28 жаштагы К.Т. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Милиция үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдарды жана андай көрүнүшкө күбө болгон кишилерди жакынкы милиция кызаматкерине же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>