Садыр Жапаров билими күчтүү жана билеги күчтүү жаштарга акчалай сыйлык тапшырды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда STEM тармагындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жана грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнөлүк чемпионатта (U20) байгелүү орундарды ээлеген жаштар жана алардын мугалимдери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Садыр Жапаров куттуктоо сөзүндө белгилегендей, 2024-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мектеп окуучулар илим, технология, инженерия жана математика багытындагы эл аралык олимпиадаларда математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча медалдарды жеңип, ийгиликтерди жаратууга жетишти. Бул жетишкендиктер – окуучуларыбыздын, мугалимдерибиздин таалыкпаган мээнетинин, үзүрлүү эмгегинин натыйжасы, билим берүү системасынын туура жолдо бараткандыгынын далили болду.
Президент жеңишке жеткен окуучулар келечекте Кыргызстандын экономикасын жана илимий-изилдөө потенциалын өстүрүүгө чоң салым кошот, деген ишенимин билдирди.
Ошондой эле Садыр Жапаров жаш балбандардын спорттогу жетишкендиктерин – Испаниядагы грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында (U20) байгелүү орундарды багындырганын айтып өттү. Мамлекет башчысы ушундай ийгиликтердин артында көп жылдаган тер төккөн мээнет жатканын белгиледи.
Сыйлык алгандар:
Окуучулар:
- Назар Кыргызбаевге – 300 000 сом;
- Ян Бобруска – 200 000 сом;
- Элдар Искендеровго – 200 000 сом;
- Искен Кенжебаевге – 200 000 сом;
- Алихан Айдарбековго – 200 000 сом;
- Байтөрө Майрамбековго – 100 000 сом;
- Бектур Бараталиге – 100 000 сом;
- Иван Решетниковго – 100 000 сом;
- Дмитрий Рубанга – 100 000 сом;
- Нурсултан Увалиевге – 100 000 сом;
- Байзак Карыпжановго – 100 000 сом.
Мугалимдер:
- Махамадхан Ишматовго – 300 000 сом;
- Азамат Аскаровго – 200 000 сом;
- Медербек Осмоновго – 200 000 сом;
- Кылычбек Урайымовго – 200 000 сом;
- Дүйшөн Сатыбалдыевге – 100 000 сом;
- Азамат Исламбековго – 100 000 сом;
- Асхатбек Темиркуловго – 100 000 сом;
- Эльбрус Тажибаевге – 100 000 сом.
Спортчулар:
- Асан Жанышовго – 600 000 сом;
- Самаган Ормоновго – 200 000 сом;
Машыктыруучулар:
- Рыскулбек Эгеевге – 150 000 сом;
- Шадыбек Сулаймановго – 100 000 сом;
- Ташболот уулу Нуржигитке – 100 000 сом.