Кыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралууда

Кыргызстанда жасалма интеллект (ЖИ) үчүн бирдиктүү этика эрежелерин бекитүү сунушталууда. Алар ЖИ тарабынан жаратылган контентти маркалоону (белги коюуну), санариптик агенттер менен баарлашууда колдонуучуларга милдеттүү түрдө эскертүүнү, кыргыз тилин колдоону, ошондой эле ЖИнин иши үчүн иштеп чыгуучулардын, ээлеринин жана колдонуучулардын жоопкерчилигин карайт. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, документ ЖИни иштеп чыгуу жана колдонуу үчүн коопсуз жана ачык чөйрөнү түзүүгө, жарандардын укуктарын, улуттук-маданий мурастарды жана өлкөнүн санариптик эгемендигин коргоого багытталган.
Жобону жарандык максаттарда колдонулган ЖИ системаларына жайылтуу сунушталууда. Ошол эле учурда ал коргонуу, улуттук коопсуздук, коомдук тартипти сактоо жана ыкчам-издөө ишмердүүлүгү үчүн колдонулган ЖИге тиешелүү болбойт.
Документтин негизги принциптеринин бири — жасалма интеллекттин ишинин натыйжасы үчүн адамдын жоопкерчилиги.
КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин долбооруна ылайык, ЖИ системалары укук субъекти болуп саналбайт жана укук жөндөмдүүлүгүнө ээ эмес.
Технологияны колдонуу жеке же юридикалык жакты кабыл алынган чечимдердин жана жаралган натыйжалардын кесепеттери үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт.
Системанын иши, кетирилген каталар, басмырлоочу корутундулар же келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти аткарган ролуна жараша иштеп чыгуучуларга, ээлерине жана колдонуучуларга жүктөө сунушталууда.
Айрым талаптар адамдын эркиндигин жана өз алдынчалыгын сактоого тиешелүү. Иштеп чыгуучулар жана системанын ээлери колдонуучулардын жүрүм-турумуна алгоритмдик манипуляция жасоого жол бербөө чараларын көрүшү керек. Юридикалык жактан маанилүү же өтө орчундуу чечимдерди кабыл алууда негизги көзөмөлдү адамга калтыруу сунушталат.
Ошондой эле долбоор алгоритмдик басмырлоого каршы чараларды карайт. Иштеп чыгуучуларга моделдердин бир жактуу болуп калышына жол бербөө жана системаларды жынысы, расасы, тили, этникалык таандыгы, майыптыгы, курагы, дини, көз карашы, социалдык же мүлктүк абалы боюнча басмырлоонун бар-жоктугуна текшерүү сунушталат.
Өзгөчө бөлүм кыргыз тилине арналган. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө, жарандарга маалымат берүүдө, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо жана коомдук инфраструктурада колдонулган ЖИ системалары расмий тил менен катар эле интерфейсти жана кыргыз тилинде туура баарлашууну камсыз кылышы керек.
Тилдик жана мультимодалдык моделдер үчүн тил жана маданий нормалардын бурмаланышына жол бербей, кыргыз тилиндеги сапаттуу маалыматтарды колдонуу сунушталат. Мындан тышкары, кыргыз тилиндеги ачык датасеттерди жана тексттердин корпустарын түзүүнү стимулдаштыруу демилгеленүүдө.
Документ тарыхый-маданий мурастарды коргоону да камтыйт. ЖИни иштеп чыгууда, үйрөтүүдө жана колдонууда Кыргызстандын тарыхый инсандарынын, мамлекеттик жана маданият ишмерлеринин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген же алардын тарыхый эмгегин жокко чыгарган (басынткан) атайылап жалган контентти жаратууга жол берилбейт.
Генеративдик системалар үчүн тарыхый фактылардын бурмаланышына жана улуттук эс тутумга зыян келтирилишине жол бербөө максатында техникалык чектөөлөрдү жана контексттик чыпкаларды киргизүү сунушталууда.
Дагы бир талап жасалма интеллектти колдонуунун ачыктыгына байланыштуу. Колдонуучу санариптик агент — мисалы, тексттик чат-бот, үн жардамчысы же автоматташтырылган чалуулар системасы менен баарлашып жатса, бул тууралуу ага алдын ала кабарланышы керек.
ЖИнин жардамы менен толук түзүлгөн же олуттуу өзгөртүлгөн тексттер, аудио, фото жана видео материалдар маркаланууга (белгиленүүгө) тийиш. Маркалоо визуалдык, үндүк же метамаалыматтарда камтылышы мүмкүн. Эгерде мындай контент коомчулукту адаштырууга, жарандардын укуктарын бузууга, шайлоо процессине таасир этүүгө же улуттук коопсуздукка залака келтирүүгө жөндөмдүү болсо, ЖИ колдонулганын жашырууга тыюу салынат.
Долбоор ошондой эле ЖИ системаларын ишке киргизүүгө чейин жана олуттуу жаңылоодо (модернизациялоодо) алардын этикалуулугун жана коопсуздугун баалоону карайт.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сатып алган, киргизген же колдонгон системалар үчүн, ошондой эле кооптуулугу жогору системалар үчүн мындай баалоо милдеттүү болот. Жеке сектор үчүн кооптуулугу жогору системалардан тышкары учурларда ал сунуштоо мүнөзүндө болот.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ЖИ этикасы жөнүндө декларация түзүлүшү керек. Системанын ээлери аны ачык жарыялай алышат, ал эми мыйзамда каралган учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талабы боюнча берүүгө милдеттүү болушат
Анара Мамытова