Садыр Жапаров Душанбеде Эмомали Рахмон менен жолугат

Садыр Жапаров Душанбеде Эмомали Рахмон менен жолугат

Президент Садыр Жапаров 14-сентябрда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбе шаарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалым болгондой, Жапаров Тажикстанга Эмомали Рахмондун чакыруусу менен барат.

«Иш-чарага Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин башчылары катышары күтүлөт. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Душанбеде боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара кызматташуунун келечегин талкуулоону көздөйт деп күтүлүүдө», — деди Азымбакиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>