Кофеканага кирген ууру видеого түшүп калган. Шектүү кармалды

Кофеканага кирген ууру видеого түшүп калган. Шектүү кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-августта милицияга А.Н. аттуу аял киши кайрылып, 22-августа караган түнү Сыдыков көчөсүндөгү кофеканага белгисиз жаран кирип, кассадан 11 миң сом уурдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнч кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 25 жаштагы Б.К. аттуу жаран кармалган. Ал райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө учурунда аныкталгандай, шектүү мурда аталган кофеканада иштеп, кире бериштеги эшиктин ачкычы бар болгон. Ал ошол ачкыч менен эшикти ачып кирип, кассадагы акчаны алып кеткен.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Шектүү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>