Айгүл Жапарова сөзгө чоркок болуп туура түшүндүрө албай койду

Айгүл Жапарова сөзгө чоркок болуп туура түшүндүрө албай койду

Бүгүн, 23-октябрда президент Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйын өткөрүүдө. Анда Reporter.kg ′нин журналисти төмөндөгүдөй суроо узатты.

«Жубайыңыз Айгүл Жапарова Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» реабилитациялык борборуна 500 миң сом которду. Бул каражатты кайсы булактан алып жатат?»

Өлкө башчы жубайы которгон каражат Жапаровдордун үй-бүлөсү тарабынан берилгенин билдирди.

«Алтын балалык» реабилитациялык борборго 500 миң сомду бир туугандарымдын бардыгы 50 миң сомдон чогултуп беришти. Мен 11 бир тууганмын бирөөнүн көзү өтүп кеткен. Онообуз чыгардык. Айгүл Жапарова сөзгө чоркок болуп ошол жерден каражат тууралуу толук маалымат бере албай койду окшойт. Бир туугандарым баарыбыз 50 миң сомдон көтөрүп алып барбай, бирөөбүз эле баарыбыздын атыбыздан салып коёлук деген демилге болуп, Айгүл Жапарованы шайлап жиберишкен», — деди Садыр Жапаров.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>