Президент Садыр Жапаровдун иниси эки айга камакта калтырылды

Президент Садыр Жапаровдун иниси эки айга камакта калтырылды

Бажыдагы коррупция иши боюнча шектүү катары кармалган, президент Садыр Жапаровдун иниси Улан Жапаровдун бөгөт чарасы узартылып, эки айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Улан Жапаровдун бөгөт чарасы 21-июлда Биринчи май райондук сотунда каралып, сот аны 26-сентябрга чейин камакта калтырган.

Ал №1 тергөө абагында камакта болот.

Белгилүү болгондой, Улан Жапаров Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу болуп саналат. Ал мындан мурдараак бажыдагы коррупциялык ишке аралашкан деп кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен 26-июлга чейин камакка алынган. 20-июлда Бишкек шаардык сотунда анын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси каралып, ал камакта калтырылган.

Аталган кылмыш ишин ИИМ тергеп жатат.

Садыр Жапаров иниси эмне себептен камакта калтырылганын айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>