Садыр Жапаров Исхак Раззаковдун кызына Бишкектен батир берди

Садыр Жапаров Исхак Раззаковдун кызына Бишкектен батир берди

Бүгүн Садыр Жапаров  мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззакова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент Исхак Раззаковдой улуу инсандын ысымы ар бир кыргызстандыкка таанымал экендигин, жалпы элибиз анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө ойногон чоң ролун жакшы билерин белгиледи.

Садыр Жапаров Элмира Раззакованын кыргыз жарандыгын алуу өтүнүчүн аткарып, ага паспорт ыйгарды. Аны менен бирге Бишкектин борборунан батир белекке берди.

Белгилей кетсек, Элмира Раззакова Исхак Раззаковдун жалгыз кызы. Ал уулу менен Москвада жашап келет.

Элмира Раззакова узак жылдардан кийин Кыргызстанга кайтып келгенине абдан кубанып жатканын белгиледи.

Исхак Раззаков 1961-жылы кызматтан алынып, ага үч күн ичинде үй-бүлөсү менен Кыргызстандан Москвага көчүп кетүү талабы коюлган. Ал Россияда көз жумуп, сөөгү 2000-жылы гана мекенине алып келинген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>