9 айда 60 миллион салык түштү. Казинонун ээлери ЖКга чакырылды

9 айда 60 миллион салык түштү. Казинонун ээлери ЖКга чакырылды

2023-жылдын тогуз айында өлкөдө иштеп жаткан 2 казино 60 миллион сом салык төлөгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында финансы рыногун жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Мурзатаева билдирди.

Анын айтымында, казинолор лицензия үчүн 84 миллион сом төлөшкөн, ал эми букмекерлик конторалар — 42 миң сом.

Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекованын айтымында, казино иштетүү үчүн лицензия алууга дагы арыздар бар.

Комитеттин депутаттары кумарканалардан түшкөн салыктын көлөмү өтө аз экендигин белгилешти.

“4 миллиард түшөт деп убада берилген. Бул сумма өтө аз. Казино өзүн актабай жатат. Пайдасынан зыяны көп. Бул эки кишинин эле кызыкчылыгы”, — деди эл өкүлү Султанбай Айжигитов.

Депутат Камила Талиева казинолордун иштөөсүн кайра карап чыгууну сунуштады.

“Башкы прокуратуранын кызматкери кылмыш ишинин алкагындагы акчаны казиного уттуруп ийиптир деп маалымдалды. Демек биздин жарандар дагы казиного кирип жатат. Казиного иштөөгө уруксат берип, биз, депутаттар тепкиге калганбыз. Ошол кумарканаларды иштеткен ээлерин дагы парламентке чакыралы. Бири Арзыбек Бурханов дешет, экинчиси ким экен көрөлү”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинети “Оюн зоок жайлары жөнүндө” мыйзам долбоорго өзгөртүү сунуштоодо. Ага ылайык оюн автоматтары, букмеркерлик конторалар, тотализаторлор казинолордун аймагында гана жайгашышы керек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>