Садыр Жапаров Кипрдин тышкы иштер министрин кабыл алып, кызматташууну талкуулады

Бүгүн, 8-июнда, өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Тараптар туризм, инвестиция, финансы жана банктар аралык байланыштар боюнча кызматташтыкты талкуулашты.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында, тараптар ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин карашты.
Константинос Комбос Садыр Жапаровду Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, бул олуттуу жетишкендик жана эл аралык коомчулуктун жогорку ишеним көрсөтүүсүнүн далили экендигин белгилеген. Ошондой эле ал бул сапар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталганын белгилеген.
Президент Садыр Жапаров куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, Кипр менен өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин ырастаган.