Садыр Жапаров: Кыргызстан Австриянын банк сектору менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар

23.09.2026 | 10:30
Садыр Жапаров: Кыргызстан Австриянын банк сектору менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар — Новости Кыргызстана

Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Австриянын федералдык президенти Александер Ван дер Беллен менен жолукту. Анда тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана финансылык тармактарда кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Садыр Жапаров кыргыз-австрия өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отурумун кийинки жылы Бишкек шаарында өткөрүүгө даяр экенин билдирген.

Ошондой эле ал банктар аралык түз байланыштарды өнүктүрүүнү, эки өлкөнүн банктарынын ортосунда корреспонденттик эсептерди ачууну жана австриялык банктардын биринин Кыргызстанда филиалын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштаган.

Өз кезегинде Александер Ван дер Беллен австриялык тарап бул сунуштарды карап чыгып, аларды Австриянын Финансы министрлигине жөнөтөрүн билдирген. Мындан тышкары ал тоо экосистемаларын коргоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы туруу жана мөңгүлөрдү сактоо багытында биргелешкен иштерди жүргүзүү зарыл экенин айткан.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Александер Ван дер Белленди Кыргызстанга келип, 2027-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырган.

Scroll to Top