Кыргызстанда «боз сертификаттарга» көзөмөл күчөтүлөт

23.09.2026 | 11:13
Кыргызстанда «боз сертификаттарга» көзөмөл күчөтүлөт — Новости Кыргызстана

КР Экономика жана коммерция министрлиги продукциянын шайкештик сертификаттарын тариздөөдө жана шайкештик жөнүндө декларацияларын каттоодо «Бирдиктүү терезе» маалыматтык системасына жүктөлүшү керек болгон документтердин тизмесин бекитүүнү сунуштоодо.

Негиздеме-маалымкатка ылайык, тиешелүү буйруктун долбоору сертификациялоо жол-жобосуна көзөмөлдү күчөтүү жана «боз сертификаттар» деп аталган мыйзамсыз документтердин берилишинин алдын алуу максатында иштелип чыккан. Документ коомдук талкууга коюлду.

Өзгөртүүлөрдү Катталган шайкештик жөнүндө декларациялардын жана берилген шайкештик сертификаттарынын бирдиктүү реестрин жүргүзүүнүн колдонуудагы тартибине киргизүү пландалууда. Долбоор сертификаттар менен декларациялар кайсы негизде таризделсе, ошол материалдарды милдеттүү түрдө жүктөөнү карайт.

Кайсы документтерди жүктөө талап кылынат?

Сериялык өндүрүштөгү продукцияга шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо үчүн долбоор төмөнкүлөрдү жүктөөнү карайт: техникалык документтер, колдонулуучу стандарттардын тизмеси, кабыл алынган техникалык чечимдердин баяндалышы жана тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары, өндүрүүчү менен түзүлгөн келишим, сыноо протоколдору, декларациянын өзү жана аны каттоого арыз.

Белгиленген учурларда өндүрүшкө тиешелүү менеджмент системасынын шайкештик сертификаты да талап кылынат. Мындан тышкары, арыз ээсинин каттоо маалыматтарын берүү зарыл болот.

Продукциянын айрым партиясы үчүн бул тизме келишимди жана товарды коштоочу документтерди, эксплуатациялык документтерди, колдонулуучу стандарттардын тизмесин, каттоо маалыматтарын, сыноо протоколдорун, шайкештик жөнүндө декларацияны жана аны каттоого арызды камтыйт.

Шайкештик сертификатын тариздөөдө арызды, табыштама боюнча чечимди, продукцияны идентификациялоо актысын, сыноо үчүн үлгүлөрдү тандап алуу актысын жана сыноо протоколун жүктөө талап кылынат. Сертификациялоо схемасында каралган учурларда өндүрүштүн абалын талдоо актысы да зарыл. Тандалып алынган үлгүлөрдүн логистикасын (жеткирилишин) тастыктаган документтер да өзүнчө каралган.

Тартипти өзгөртүү эмне үчүн сунушталууда?

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, акыркы убакта сертификациялоо органдары тарабынан шайкештикти баалоо боюнча тастыкталбаган документтердин — «боз сертификаттардын» берилиши боюнча көптөгөн даттануулар түшүүдө.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, мындай документтердин массалык түрдө негизсиз берилишине байланыштуу 2024-жылы Биримдиктин Бирдиктүү реестринен жети сертификациялоо органы чыгарылган, ал эми 2025-жылы — дагы экөө четтетилген.

Ошондой эле 2026-жылдын 7-февралында Орусия өкмөтүнүн № 87 токтому күчүнө киргендигине байланыштуу Кыргызстандын төрт сертификациялоо органынын шайкештик сертификаттарынын жана декларацияларынын аракети 12 айга токтотулганы кабарланууда.

Көйгөйдү чечүү үчүн 2025-жылдын октябрында Экономика министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топ түзгөн. Ал техникалык жөнгө салуу тутумундагы кемчиликтерди аныктоо жана шайкештикти баалоо документтерин мыйзамсыз алууга бөгөт коюу механизмдерин иштеп чыгуу менен алектенет.

Сунушталган механизмдердин бири — тастыктоочу документтерди «Бирдиктүү терезе» системасына милдеттүү түрдө жүктөө болду. Министрлик бул чара сертификациялоо жол-жоболорунун ачыктыгын жогорулатууга, документтердин таржымалын так көзөмөлдөөгө жана аларды жасалмалоо тобокелдигин азайтууга мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Бизнес үчүн жаңы талаптар пайда болобу?

Экономика министрлиги сунушталып жаткан документтердин тизмеси арыз ээлери үчүн жаңылык эмес экенин баса белгилейт. Аларды тапшыруу ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде жана ЕЭКтин тиешелүү чечимдеринде буга чейин эле каралган.

Мындан тышкары, бул документтерди мурда иштеп турган маалыматтык системага жүктөө талап кылынчу.

Долбоор буйруктун расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө киришин карайт.

Анара Мамытова

Scroll to Top