Экономист Төлөнбек Абдыров Кыргызстанга ШКУ банкы эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү

22-сентябрда «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борборунун аянтчасында өткөн «ШКУ жана БРИКС саммиттеринин жыйынтыгы: каржылык-экономикалык автономиянын жана суверенитеттин келечеги» аттуу тегерек столдун жүрүшүндө экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров ШКУ банкын түзүүнүн келечеги, анын мүмкүн болгон милдеттери жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы эсептешүүлөр үчүн валютаны тандоо тууралуу айтып берди.
Эксперттин айтымында, ШКУ банкын түзүү идеясы көп жылдардан бери талкууланып келет. Ал Кытай мындай демилгени 2010-жылы эле көтөрүп чыкканын, ал эми 2016-жылы бул маселе өкмөт башчыларынын саммитинде кайрадан козголгонун белгиледи.
«Ошондон бери бул банк кандай иштеши керек, анын түзүмү, капиталы кандай болушу зарыл жана добуштар кандайча бөлүштүрүлөт деген талаш-тартыштар жүрүп келет. Менимче, так ушул суроолор азырынча бирдиктүү пикирге келүүгө тоскоол болууда. Бирок өткөн убакыттын ичинде көптөгөн өлкөлөрдү бириктирген жалпы көз караштар табылды окшойт», — деди Абдыров.
Ал ШКУ банкын түзүү сунушу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан кайрадан көтөрүлгөнүн эске салды. Профессордун пикиринде, учурда өлкөлөрдүн бир пикирге жакындап калганынын белгилери байкалууда.
ШКУ банкы эмне үчүн керек?
Абдыров өз сөзүндө ШКУ банкы башка банктарга альтернатива же айрым мамлекеттерге жана валюталарга каршы курал катары түзүлбөшү керектигин баса белгиледи.
«Максат таптакыр башка — бири-бири менен жигердүү соода жүргүзүп, жалпы өндүрүштүк чынжырчаларга катышкан өлкөлөрдүн натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды түзүү», — деп түшүндүрдү ал.
Келечектеги банктын негизги милдеттеринин бири катары эксперт улуттук валюталардагы эсептешүүлөрдү өнүктүрүүнү атады. Анын айтымында, Кыргызстан Орусия, Кытай жана Индия менен соода жүргүзөт, бирок рубль, юань жана рупийди колдонууда өз ара эсептешүүлөрдө кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.
«ШКУ банкы клирингдик система жана башка каржы куралдары аркылуу мындай операцияларды жөнгө салууга жардам бере алат эле. Кеп ар кайсы өлкөнүн валюталарын топтоо жөнүндө эмес, алардын жалпы экономикалык мейкиндиктин ичинде натыйжалуу колдонулушу жөнүндө болуп жатат», — деп белгиледи Абдыров.
Банктын дагы бир милдети катары ал каржылык тобокелдиктерди азайтууну атады. Профессордун пикиринде, тышкы соода бир гана валютадан же бир гана өлкөдөн көз каранды болбошу керек, анткени каржы тармагындагы чектөөлөр соода өнөктөштөрүнүн ортосундагы эсептешүүлөрдү татаалдаштырышы мүмкүн.
Ошол эле учурда Абдыров бул жерде сөз санкцияларды кыйгап өтүү жөнүндө эмес, азыркы шарттарда иштөө үчүн кошумча механизмдерди түзүү тууралуу болуп жатканын белгиледи.
Үчүнчү багыт катары эксперт экономиканын реалдуу секторун каржылоону көрсөттү. Анын айтымында, ШКУ банкы уюмга мүчө өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан үчүн инвестициялардын булагы болуп калышы мүмкүн.
Профессор каржыны санариптештирүү маселесине да өзгөчө токтолду. Ал санариптик инструменттерди өнүктүрүү төлөмдөрдү жүргүзүүнү тездетип, тышкы соодага катышкан компаниялардын ишин жеңилдетет деп эсептейт.
Ошону менен бирге Абдыров мүмкүн болгон тобокелдиктерди эске алуу зарылдыгын эскертти.
«Каржылык көз карандысыздыкка умтулуу каржылык обочолонууга (изоляцияга) алып келбеши өтө маанилүү», — деп баса белгиледи ал.
Кайсы валюта эсептешүүлөрдүн негизи болушу мүмкүн?
Уюштуруучулардын ШКУ банкында кайсы валютаны колдонууга болот деген суроосуна жооп берип жатып, Абдыров бул маселе азырынча талкуу бойдон калып жатканын билдирди.
Анын айтымында, ар кайсы жылдары кытай юаны, орус рублу, ошондой эле «Алтын» аттуу бирдиктүү валютаны түзүү идеясы каралып келген.
«Валютаны тандоого өтө кылдат мамиле кылуу керек. Бүгүн Кытай дүйнөлүк ири өндүрүүчү болуп саналат, ошондуктан юанга суроо-талап жогору. Ал эми постсоветтик мейкиндикте орус рублу маанилүү роль ойнойт. Менимче, рублди да, юанды да колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу зарыл», — деди эксперт.
Ошол эле учурда ал эсептешүүлөрдүн негизи катары индия рупиясын колдонуу келечегине баа берүүгө азырынча даяр эмес экенин кошумчалады.
SWIFT менен доллардан баш тартуу мүмкүнбү?
Нью-Делидеги БРИКС саммитинин алкагында талкууланган SWIFT’тен тышкаркы төлөм системаларын түзүүнүн келечеги тууралуу суроого Абдыров эсептешүүнүн жаңы механизмдерине өтүү оңойго турбайт деп жооп берди.
«Эгер баары ушунчалык оңой болгондо, өлкөлөр эбак эле доллардан жана SWIFT'тен баш тартып, бири-бири менен башка системалар аркылуу иштей баштамак. Бирок азыркы каржы системасы узак убакыт бою калыптанган, аны тез арада өзгөртүү мүмкүн эмес», — деп белгиледи ал.
Профессордун айтымында, SWIFT’ти колдонууга киргизилген санкциялар жана чектөөлөр айрым өлкөлөрдү альтернативдүү төлөм каражаттарын өнүктүрүүгө түрткү берди. Ал Кытай мындай механизмдерди эртерээк иштеп чыга баштаганын, бирок аларды колдонуу акырындык менен гана кеңейгенин эске салды.
Абдыров келечекте жаңы төлөм системалары ШКУ жана БРИКС өлкөлөрүнүн ортосундагы эсептешүүлөрдө жигердүү колдонулушу мүмкүн экенин божомолдоп, бул анын алдын ала көз карашы экенин белгиледи.
Анара Мамытова
Эгер баары ушунчалык оңой болгондо, өлкөлөр эбак эле доллардан жана SWIFT’тен баш тартып, бири-бири менен башка системалар аркылуу иштей баштамак. Бирок азыркы каржы системасы узак убакыт бою калыптанган, аны тез арада өзгөртүү мүмкүн эмес.

Экономика илимдеринин доктору, профессор