Садыр Жапаров мал-жандыкка салык киргизүү демилгесин колдобойт

Садыр Жапаров мал-жандыкка салык киргизүү демилгесин колдобойт

Президент Садыр Жапаров мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобойт. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Ал белгилегендей, Жогорку Кеңештин депуттары тарабынан демилгеленип жаткан, мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү сунушу коомдо терс пикирлерди жаратууда. Мындай демилгени — мамлекеттик бийликтин позициясы катары түшүнүп алгандар дагы жок эмес.

“Президент Садыр Жапаровдун жарылыгы менен, өткөн 2022-жылдын апрель айында, фермерлер жана дыйкандарга жеңилдиктер берилген. Анда, айыл-чарба багытындагы пайдаланган жерлер 3 жылга салыктан бошотулган. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин, жер салыгынан бошотуу тууралуу маселе кайра каралат.

Демек, президент Садыр Жапаров фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдик шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле, депутаттардын мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобой турганын маалымдайбыз”, — деп билдирген Орунбеков.

Буга чейин Жогорку Кеңеште мал-жандыкка салык киргизүүнү караштырган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Аны депутат Жеңишбек Токторбаев иштеп чыккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>