Равшан Жээнбековдун жубайынын апасы президентке кайрылды

Равшан Жээнбековдун жубайынын апасы президентке кайрылды

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын апасы Рахим Алимбаева президентке жана УКМК башчысына кайрылып, кызын камактан бошотууну суранды.

«Мен Баатыр энемин, сегиз баланы тарбияладым. Аларды окутуп-чоңойттум. Тамеки талаасында иштеп, балдарымды бактым. Азыр 90 жашка келдим. 90 жашка келип, жакшылыгын көрөм деп турганда, ыйлап отурам. Күйөө балам Равшан, андан кийин кызым камалды. Кыргызстанда мындай жашоо болгон эмес эле», — деди ал

Рахима Алимбаева, кызы саясатка аралашпаган адам экенин айтат.

«Менин кызым саясатка аралашкан жок. Төрт бала төрөп-чоңойтту. Эртең менен туруп, балдарын бала бакчага алып барат. Түштө бирөөсүн окууга алып барат. Кечинде келип, тамагын жасайт. Кызымдын бош убактысы да болгон эмес», — дейт ал.

Сөзүн улай ал кичүү небереси апасы менен атасын сагынып, ыйлап жатканын айтты.

Рахима Алимбаева Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылып, ырайым кылып, кызын жана күйөө баласын камактан бошотууну суранды.

Эскерте кетсек, Салкынай Алимбаева УКМКнын тергөө абагына 24-июлга чейин камакка алынган. Ал Бишкектеги жер тилкелерге мыйзамсыз ээлик кылып алган деп шектелүүдө.

Ал эми, Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча былтыр октябрь айынын аягында кармалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>