Садыр Жапаров мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүүнү убадалады

Садыр Жапаров мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүүнү убадалады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда Эл аралык майыптар күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өлкө башчы 3-декабрь — дүйнө жүзү менен бирге Кыргызстанда дагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга коомдун толук кандуу мүчөлөрү катары сый-урмат көрсөтүү күнү катары белгиленип келерин айтты. Ошондой эле президент алардын өзгөчө муктаждыктарына жана көйгөйлөрүнө бүгүн эле эмес, ар дайым көңүл буруу максатында иш-аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

«БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын мамлекетибиз ратификациялагандан бери биз андай жарандарга инфратүзүмдүн жеткиликтүүлүгүн, мыйзам астында билимге, эмгекке жана иш менен камсыз болууга тең укуктуулугун жүзөгө ашыруу боюнча мидеттенмелерди өзүбүзгө алдык.

Бул багытта жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы», «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы» сыяктуу стратегиялык программалардын маанилүү бөлүгү. Аларды ишке ашыруу майыптарды реабилитациялоо жана коомго толук кандуу кошуу чараларын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты мындан ары да улантууга мүмкүндүк түзөт.

Кыргызстан БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялоо менен республикабызда аныкталган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 196,4 миңге жакын адамдын жашоо шартын жакшыртуу иш-аракетин көрүп жатат.

Майыптыгы бар адамдарды иш менен камсыз кылуу алардын жашоо-турмушуна каражат табуусуна гана өбөлгө түзбөстөн, коомго керек экендигин сезүүсүнө да шарт-жагдай түзөт. Алар иштеген учурда башка кишилер менен баарлашып көңүлү сергийт, дос-тамыр күтөт. Майыптыгы бар жарандарга жумуш орундары эле эмес, театр, музей жана башка эс алуу, оюн-зоок  жайлары жеткиликтүү болууга тийиш», — деп жазылат Садыр Жапаровдун кайрылуусунда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>