Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
Садыр Жапаров Пакистан элине көңүл айтты
19.06.2023 | 22:45
Президент Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифке көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“14-июнда Жер Ортолук деңизинде пакистандык жарандарды алып бара жаткан кеменин кырсыкка учурашынын кесепетинен болгон адам курмандыктары тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Пакистан элине, ошондой эле курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын жүрөктөн көңүл айтуу менен бирге, жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин каалайм.
Бул оор убакытта биз орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз”, – деп айтылат Жапаровдун телеграммасында.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат