Фархат Иминов жаңы түзүлгөн Виртуалдык активдер боюнча агенттиктин жетекчиси болду

09.06.2026 | 11:53
Фархат Иминов жаңы түзүлгөн Виртуалдык активдер боюнча агенттиктин жетекчиси болду — новости Кыргызстана

Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Фархат Иминов Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бул дайындоо өлкөдө жаңы мамлекеттик орган — Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин түзүлүшүнө байланыштуу ишке ашты. Агенттик үстүбүздөгү жылдын 28-майындагы президенттин жарлыгы менен «Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын» базасында түзүлгөн.

Жаңы орган виртуалдык активдер чөйрөсүндө өнүктүрүү, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө функцияларын ишке ашырат. Жарлык менен агенттиктин жобосу, штаттык саны жана кызматкерлердин эмгек акысына тиешелүү нормалар бекитилген.

Жаңы жетекчи Фарат Иминов 50 жашта, ал финансист, бухгалтердик эсеп жана кредит адистиги боюнча билимге ээ. Ал 2008-2012-жылдары Бишкек шаардык Кеңешинде депутат, ал эми 2015-2018-жылдары “Республика – Ата-Журт” партиясынан Жогорку Кеңештин депутат болгон. Депутаттык мандатын өз арызы менен тапшырган. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси болуп да иштеген. 2025-жылдын августунан бери Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси болуп иштеп келе жаткан.

Теги: Жарлык
Scroll to Top