Садыр Жапаров шайлоону жылдыруу тууралуу мыйзамга кол койду

23.10.2020 | 09:36

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер министр Садыр Жапаров парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө кабыл алынган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Мыйзам 2020-жылдын 22-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан  83 депутаттын макулдугу менен бир учурда үч окуудан кабыл алынган.

Аталган мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгы бир катар жагдайлар, ошондой эле өлкөдөгү түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал менен шартталгандыгы айтылат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү мөөнөтү конституциялык реформа өткөрүлгөндөн кийин мыйзамга ылайык, 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

Scroll to Top