Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт
11.10.2026 | 16:37

Нарын облусундагы Кочкор темир жол бекетинде 10-октябрда Бишкек ЖЭБине жөнөтүү үчүн вагондорго көмүр жүктөө иштери алгачкы жолу башталды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Жүктөө иштери Кочкор районунун Теңдик айылында жайгашкан бекеттин көмүр аянтчасында жүрүүдө. Көмүрдү ташуу үчүн жалпы сыйымдуулугу 1 миң тонна болгон 15 вагондон турган курам түзүлдү. Жүктөө иштери аяктагандан кийин көмүр борбор калаанын ЖЭБине жөнөтүлөт.
Мындан ары Бишкек шаарына көмүрдү ташуу туруктуу негизде Кочкор бекетинен жүргүзүлмөкчү.
«Кыргыз темир жолунан» белгилешкендей, ташууну темир жолго өткөрүү унаа жолдоруна түшкөн күчтү азайтууга, транспорттун Ысык-Көлдүн экологиясына тийгизген терс таасирин төмөндөтүүгө жана кыска убакыттын ичинде отундун ири көлөмүн жеткирүүгө шарт түзөт.
Эске салсак, 2026-жылдын 25-июлунда Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулушу аяктагандан кийин президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кочкор темир жол бекетинин салтанаттуу ачылышы өткөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом