Садыр Жапаров жарыктын өчүрүлүшү боюнча комментарий берди

Садыр Жапаров жарыктын өчүрүлүшү боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, электр энергиясы менен газ тартыштыгы боюнча суроолорго жооп берди.

Анын айтымында, электр энергиясынын дефицити азыркы учурда 3,9 млрд кВт саатты түзөт.

«2020-жылы биз бийликке келгенде эле кышкысын 3 млрд кВт. саат электр энергиясы тартыштык бар болчу. Бул эмнеден улам келип чыккан тартыштык? Анткени 30 жылда бир дагы ГЭС салынган эмес. 30 жылдын ичинде жок дегенде жыл сайын кубаттуулугу 30 МВт болгон бирден чакан ГЭС куруп турганда кышкысын мынчалык каатчылык болмок эмес. Акыркы эки жылдан бери ГЭСтерди, шамалдан, күндөн алуучу энерго булактарын массалык түрдө салып жатабыз. Бирок ошентсек да ортодогу ажырымды кубалап жете албай жатабыз.

2020-жылдан бери бир канча социалдык, өндүрүштүк жана инфраструктуралык объектилер салынды. Электр энергиясына болгон муктаждык жыл сайын өсүп жатат. Жогорудагы аталган объектилерден сырткары дагы көптөгөн чоң кубаттуулуктагы завод-фабрикалар ишке кирип жатат. Мисалы, Чүй облусунда быйыл ишке кирген “Терек Таш” цемент заводунун эле колдонуучу кубаттуулугу 30 МВт түздү», — деди Садыр Жапаров.

Мындан тышкары президент электр энергиясына болгон муктаждыкты толук камсыздоо максатында кандай иштер жасалып жатканына токтолду.

«Электр энергиясы бизде арзан. Өздүк наркы 2,72 болсо, элге 1 сом 10 тыйындан сатып жатабыз. Мындан тышкары, “Үй-бүлөгө көмөк” программасынын алкагында 69 миң үй-бүлөгө электр энергиясын 55 тыйын менен берип жатабыз. Ошондой эле тоолуу аймакта жашаган жалпы саны 186 миң керектөөчүгө 1 сом 10 тыйындан эч кандай чектөөсү жок берип жатабыз.

Элибиз дагы кайдыгер болуп жатат. Арзан деп эле, электр жарыгын үнөмдүү пайдаланбай жатат. Жөнөкөй эле бөлмө ичиндеги жарыкты кереги жок учурда өчүрүп турушпайт. Мен муну көп жерден көрүп, “кереги жок бөлмөдөгү светти өчүрүп койсоңор боло” деп эскертип да жүрөм. Ар бир күйүп турган свет үчүн Токтогул суу сактагычынан суу кетип жатат. Ошондуктан светти үнөмдүү пайдалангылачы.

Мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлер, жетекчилер, мектеп, бала-бакчалар “мамлекет төлөйт” деген жоопкерчиликсиз мамилеси менен иш бөлмөлөрдөгү, имараттардагы электр жарыгын өчүрбөй калтырып кетишет. Көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрбөй коюшат. Ушунун баары таасир этип жатат.

Эми 30 жыл чыдаган элибиз 3-4 жылга чейин бир аз чыдап турса. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу бүтсө, кубаттуулугу 1860 МВт болуп, электр энергиясынын тартыштыгы толук жоюлат. Бардыгын электр кубатына өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүк болот. Электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү үчүн көптөгөн тапшырмаларды берип жатам, керек болсо, 30-жылдардан кийин кышкысын да экспортко чыгабыз», — деди Садыр Жапаров.

Андан тышкары президент Кыргызстанда Бала-Саруу ГЭСи, Кайнама ГЭСи, Ысык-Ата ГЭСи, Көк-Арт ГЭСи, Исфайрам ГЭСи, Курак-Тектир ГЭСи, Кыштут ГЭСи сыяктуу чакан ГЭСтер курулуп, ишке берилип жатканына токтолду.

«Алдыда дагы кубаттуулуктарды көбөйтүүгө чакан ГЭСтерди куруп, ишке киргизүүчү көптөгөн реалдуу долбоорлор бар. Өзүбүздүн чоң ГЭСтерибиз дагы ушул күнгө чейин жаңыртылбаптыр. Мисалы Токтогул ГЭСи толук реконструкция иштеринен өтүп жатат. Кийинки жылга бир эле агрегаты калды. Ал да бүтсө жалпысынан 240 МВт кубаттуулук кошулуп жатат.

Быйыл Үч-Коргон ГЭсин дагы жаңыртуу иштерин баштадык. Ушул айдын ичинде 4-генераторун ишке киргизебиз. Кошумча 9 МВт кошулат. Жалпы оңдоп-түзөөдөн кийин 36 МВт кошулат.

Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча иштерди алып барып жатабыз. Бүгүнкү күндө тендер өткөрүлүп, кийинки жылдын биринчи кварталында ишти баштайбыз деп турабыз. Бул ГЭСтин агрегаты ишке кирсе 120 МВт кошумча кубаттуулук кошулат.

Алдыдагы 2025-2026-жылдарга жалпы 3 ГВт электр энергиясын өндүрүү үчүн инвесторлор менен иштеп, келишимдерге кол коюлду. Токтогул суу сактагычынын үстүнө сүзүп жүрүүчү 1200 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу боюнча инвестор менен макулдашууга кол коюлуп, иштер жакынкы күндөрдө башталат.

Эң жакынкы келечекте биз электр энергиясын сатып алуучу өлкөдөн, сыртка сатуучу өлкөгө айланабыз. Быйыл гидроэлектростанциялардан сырткары күндүн жана шамалдын энергиясын пайдаланып электр энергиясын өндүрүү үчүн көптөгөн макулдашууларга кол коюп ишти алып барууга жетиштик. Нарын облусунда кубаттуулугу 100 МВт болгон Куланак ГЭСи курулуп жатат», — деди өлкө башчы.

Мындан тышкары, президент электр энергиясынан сырткары жаратылыш газдын дагы бүгүнкү күндө жетишсиздиги байкалып жатканын анын себеби быйылкы жылы беш жаңы конуш газдаштырылганын, ошондой эле газ маселеси кошуна өлкөлөрдө дагы жетишсиз болуп, Кыргызстанга алардын аймагынан келген газ түтүктөрүндө басым азайып жатканын айтты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>