Бишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүн
БШК бир тилкедеги шайлоочулардын санын 3 миңден 4 миң адамга чейин көбөйттү
09.09.2026 | 13:21

Борбордук шайлоо комиссиясы 9-сентябрда шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөрдү киргизди. Бир шайлоо тилкесиндеги шайлоочулардын чектик саны 3 000ден 4 000 адамга чейин көбөйтүлдү.
Ведомствонун маалыматы боюнча, бул чечим имараттардын жетишсиздиги шартында жаңы тилкелерди ачуу зарылдыгын кыскартуу, ошондой эле уюштуруу чыгымдарын жана комиссия мүчөлөрүнүн эмгегине акы төлөөгө кеткен чыгымдарды азайтуу максатында кабыл алынды.
Мындан тышкары, жер-жерлердеги курулуштардын жыштыгын жана калктын санын эске алуу менен тилкелердин чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кошумча мүмкүнчүлүктөр берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: ЦИК