Кыргызстанда риелторлорду сертификациялоо жана аларга айып пул салуу пландалууда

Жогорку Кеңеште риелтордук ишмердүүлүк жөнүндө мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске түзөтүүлөр каралат. Депутат Дастан Бекешев Министрлер кабинети кыймылсыз мүлк боюнча адистердин реестрин түзүүнү жана беш жылдык мөөнөткө сертификат берүү менен милдеттүү окутууну киргизүүнү сунуштап жатканын билдирди.
Документте реестрге катталбастан жана сертификаты жок иш алып баргандар үчүн 1 000 сом айып пул каралган. Ал эми мындай кызматтарды интернетке жарыялап, жарнама кылгандар үчүн айыптын өлчөмү 5 000 сомго чейин жетет.
Депутат батирлерди ижарага берүүдөгү алдамчылык фактыларынан улам бул чөйрөнү иретке келтирүүнү колдоду, бирок көзөмөлдөө иштерин жүргүзүү механизми боюнча суроолор бар экенин белгиледи. Бекешев көзөмөлдөөчү мамлекеттик органды так аныктоо үчүн экинчи окууга карата сунуштарын даярдайт.