«Чекиш-Ата» базарында эркек киши ок чыгарды — жабыркаган адам бар

Бишкекте «Чекиш-Ата» базарынын аймагында ок чыгарууга шектелген жаран кармалды. Окуянын кесепетинен 32 жаштагы эркек киши октон жаракат алганын Свердлов райондук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, 25-сентябрда «103» кызматынан базардан октон жаракат алган эркек киши ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн.
Окуяга тиешеси бар деген шек менен 24 жаштагы С.Д. кармалган.
Алдын ала маалымат боюнча, ал милицияга быйыл июнь айында үлгүсү белгисиз мылтык сатып алганын айткан. 25-сентябрда «Чекиш-Ата» базарындагы соода түйүндөрүнүн биринде туруп, терезеден эки жолу ок чыгарган.
Шектүү куралды милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен өткөрүп берген.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.