ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталдыДин, тил жана биримдик: Кыргызстанда 2030-жылга чейинки жаңы улуттук программа сунушталуудаБишкекте швейцариялык «La Landwehr de Fribourg» оркестринин музыкалык парады өтөтСадыр Жапаров АӨКЧМдин жетинчи саммитине катышуу үчүн Бакуга барды«Манас» аэропортунун аймагында ири экспо-борбор курулатСтамбулду катуу нөшөрдөн кийин суу каптады: эки адам каза болуп, мектептер жабылды
Садыр Жапаров АӨКЧМдин жетинчи саммитине катышуу үчүн Бакуга барды
15.10.2026 | 14:43

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңештин (АӨКЧМ) жетинчи саммитине катышуу үчүн Баку конгресс-борборуна келди.
Мамлекет башчысын Азербайжандын президенти Илхам Алиев тосуп алды. Саламдашуу аземинен жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин делегациялардын башчылары форум өтүп жаткан залга өтүштү.
Азербайжан 2024–2026-жылдары АӨКЧМге төрагалык кылууда. Ошондуктан саммит Баку шаарында өтүп жатат. Кеңешке Азиянын аймагынын жана калкынын болжол менен 90%ын камтыган 28 мамлекет мүчө.
Саммиттин жыйынтыгында Баку декларациясын жана уюмдун ролун, натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чечимдер топтомун кабыл алуу пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Садыр Жапаров