Садыр Жапаровдун иниси кайра үй камагына чыгарылды

Садыр Жапаровдун иниси кайра үй камагына чыгарылды

Президент Садыр Жапаровдун алдамчылыкка шектелип кармалган иниси Улан Жапаров үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан ырасташты.

Анын бөгөт чарасы 24-августта эле каралган. УКМКнын тергөөчүсү келтирген өтүнүч боюнча сот Улан Жапаровду үй камагына чыгарган. Ал 19-сентябрга чейин үй камагында болот.

Эскерте кетсек, Улан Жапаров өлкө башчынын тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу. Ал быйыл июлда алдамчылыкка шектелип кармалып, тергөө абагына камакка алынган.

«Алдамчылык» иши Улан Жапаровго козголгон биринчи иш эмес. 2023-жылы июлда ал ИИМ тарабынан бажыдагы коррупциялык ишке аралашкан деп кармалган. Улан Жапаров №1 тергөө абагында 3,5 ай камакта отургандан кийин 19-октябрда үй камагына чыгарылган.

Аталган кылмыш ишин ИИМ тергеген. Иш Биринчи май райондук сотунунун кароосуна жөнөтүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>