Кыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жетти
Бишкектеги мечиттен телефон, акча уурдоого шектелип эркек киши кармалды
11.09.2026 | 12:29

Бишкек шаарындагы мечиттердин биринен уурулук кылган деп шектелип 30 жаштагы эркек киши кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга жаран арыз менен кайрылып, анда борбордогу мечиттердин биринде анын барсеткасынан Redmi үлгүсүндөгү телефон жана 5 миң 600 сом акча уурдалганын билдирилген. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иштердин натыйжасында 30 жаштагы Ш.С. аттуу шектүү кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ленин райондук соту аны 4-ноябрга чейин №1 тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандын дагы үч уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар