Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө
Таласта 350 млн долларга бензин жана битумду кайра иштетүүчү комплекс курулат
11.09.2026 | 14:00

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Казакстандын «QAZAQ BITUM Processing» компаниясынын директору Ержан Бейсебаев Талас облусунда өнөр жай комплексин куруу боюнча меморандумга кол коюшту. Долбоорго тартылуучу инвестициянын көлөмү 350 миллион долларды түзөт.
Долбоор түз айдалган бензин менен дизелдик фракцияны терең кайра иштетүүнү, ошондой эле PG маркасындагы полимердик-модификацияланган битумду өндүрүүнү карайт.
Макулдашуунун негизги максаттары — импорттун ордун басуу, өлкө ичинде күйүүчү-майлоочу майлардын чыгарылышын көбөйтүү жана Талас облусунда өндүрүштү өнүктүрүү болуп саналат.
Теги: ГСМ