Белгилей кетсек, «Азаттыктын» иликтөөсүндө аты аталган Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманканадан атып кетишкен.
12-октябрда ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды. Алардын экөө кыргызстандыктар болгон.
Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден консулдукка тиешелүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Аталган унаа Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковко таандык болгон.
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун жарлыкка ылайык 12-ноябрда Эркин Сопоков кызматтан алынды.