Саламаттык сактоо министринин экс-орун басары үй камагына чыкты

Саламаттык сактоо министринин экс-орун басары үй камагына чыкты

Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектургановдун баш коргоо чарасын өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Улук-Бек Бектурганов бүгүн камактан бошотулганы такталды. Мурдагы чиновник 2-августка чейин үй камагында болот.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык сотунун алдында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да камактан бошотулган.

Эске салсак, Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогон. Бир кылмыш иши коррупция беренеси боюнча, экөө пара талап кылуу, төртөө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана атайылап пайдасыз келишим түзүү беренелери боюнча козголгон.

Сатып алуудагы коррупция фактысы боюнча ведомствонун башчысынан тышкары министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова жана Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин башчысы Султан Сатарбеков кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>