Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү
Саламаттык сактоо министрлиги: Үч маалымкат алуу автоматташтырылат
17.02.2022 | 13:09
Саламаттык сактоо министрлиги үч маалымкат алууну автоматташтырууну каалайт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев маалымат жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, 2021-жылы санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүү үчүн фундаменталдык негиздер түптөлгөн.
«Санариптик ден соолук профили иштелип чыкты, анда бейтаптын ден соолугу жөнүндө негизги маалыматтарды чогултуу: камсыздандыруу абалы, клиникага же ооруканага жаткыруу себептери, лабораториялык натыйжалар жана башкалар. Анын жардамы менен психоневрологиялык жана наркологиялык диспансерлерде каттоого турууга жарамсыздык баракчаларын алууну автоматташтыра алдык. 2021-жылы жалпысынан 90 миңге жакын ушундай маалыммкат берилген», – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом