Салттуу музыка жумалыгы Ошто уланууда

Салттуу музыка жумалыгы Ошто уланууда

Ош шаарында “Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында өтүп жаткан концерттик иш-чаралар уланууда

“Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында 24-апрелде Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Кылым кайрыктары” аталышындагы концерт болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, концертте Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук, Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын, Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын артисттери Ош шаарынын тургундарына ыр белек тартуулашты.

«Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында өтүп жаткан концерттик иш-чаралар Ош шаарында уланат. Тактап айтканда, бүгүн саат 12:00 дө Султан Ибраев атындагы Ош улуттук драма театрында өнөр адамдары көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашат. Ал эми кечинде, саат 18:00 дө аталган театрда жумалыктын жабылыш аземине арналган салттуу музыканы алып жүрүүчү искусство ишмерлеринин гала-концерти өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>