Таласта аз камсыз үй-бүлөлөргө торпоктор берилди

Таласта аз камсыз үй-бүлөлөргө торпоктор берилди

Талас районунда аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана торпоктор берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондун баш имам-хатиби Райымберди Өмүралиевдин сунушу, жаштардын колдоосу менен Кара-Суу айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Анда айылдагы 29 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүктөрү таратылып, андан тышкары келечекте саан уй менен камсыздоо максатында 3 үй-бүлөгө ургаачы торпок берилди.

Райымберди Өмүралиев сунушун туура кабыл алып, ишке ашырууга колдоо көрсөткөн 1985-1993-жылы туулган айыл тургундарына терең ыраазычылыгын билдирди.

«Баарыбыз билгендей, бул кайрымдуулук ишине жалпы 190 миң сом каражат сарпталды. Кайрымдуулукка жумушалган каражатыңыздар Жараткан тарабынан эселеп кайтат буйруса. Мындан ары да ишиңиздер ийгиликтүү, берекелүү болсун», – деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>