Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Салык кызматы 7 айда 135,7 млрд сом чогултту
10.08.2023 | 15:30
Быйыл 7 айда Мамлекеттик салык кызматы 135,7 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалым болгондой, белгиленген план 1,2 млрд сомго ашыкча аткарылган. Ал эми 2022-жылдын 7 айына салыштырмалуу 21,9 млрд сомго көп.
Чогултулган акчанын 99 млрд 167,8 млн сому салык жана төлөмдөр, ал эми 36 млрд 560,8 млн сому камсыздандыруу төгүмдөрү болуп саналат.
“Белгилей кетсек, контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана башка инновациялык ыкмаларды киргизүү пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткарууга оң таасирин тийгизүүдө”, – деп билдирет Салык кызматы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом