Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Баткенде мөмө-жемишти кайра иштетүүчү муниципалдык цех ачылды
14.09.2026 | 10:20
Баткен облусунда мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү цех ишке кирди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ишкананы түзүүгө республикалык бюджеттен 22 миллион сом бөлүнүп, ал муниципалдык ишкана катары уюштурулган.
Цех күнүнө 1 тоннага чейин мөмө-жемишти кайра иштетүүгө ылайыкталган. Анда Ак-Татыр айыл аймагында жана чектеш аймактарда өстүрүлгөн өрүк, алма кургатылып, сатыкка даярдалат. Учурда ишканада 5 жумуш орду түзүлгөн.
Долбоор жергиликтүү чийки затты кайра иштетүү жана фермерлердин продукциясын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында ишке ашырылган.

