Бишкекте унаанын ичинен ноутбук жана 93 миң сом уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте унаанын ичинен ноутбук жана 93 миң сом уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте ноутбук жана 93 миң сом уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  27-ноябрга караган түнү болжол менен саат 03:20да Интергельпо көчөсүндө шаар тургунунун «Хонда Фит» унаасынын ичинен белгисиз адам 55 миң сомдук Hewlett Packard ноутбугун жана 93 мин сом акчасын уурдап кеткен. Бул окуя боюнча акчасы менен ноутбугун уурдаткан адам милицияга кайрылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо ) боюнча  кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 29 жаштагы Ш.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, тергөө учурунда шектүү уурдалган ноутбукту өз ыктыяры менен аларга өткөрүп берген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>