Самара Каримова окуу жайдын директорлугунан баш тартты

Самара Каримова окуу жайдын директорлугунан баш тартты

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязаалы атындагы музыкалык окуу жайдын директорлук кызматынан баш тартты. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Инстаграмдагы баракчасында жазды.  

Анын айтымында, арыз жазууга аталган окуу жайдын коллективинин каршылыгы жана ортодогу интригалар себеп болгон.

«Эли-журтумдун ак батасын албай кантип ишке киришем? Ошон үчүн, жети эмес жетимиш өлчөп, жакшы санагандар менен кеңешип, чечим кабыл алдым — мен окуу жайдын директорлугунан баш тартам. Бул тууралуу арызымды жазып, буюрса, министрликке жолдойм”, — деп жазган ырчы. 

Белгилей кетсек, Самара Каримова аталган музыкалык окуу жайга 2018-жылы директор болуп  дайындалып, эки күндөн кийин, ошол кездеги Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен иштен алынган.Каримова бул чечим үчүн министрликти сотко берип, утуп алган. 14-январда Самара Каримова кызматка киришүү үчүн музыкалык мектепке келген, бирок эмгек жамааты ага каршы чыгышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>