Адылбек Касымалиев Евразияда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө чакырдыМанас шаарынын мэри кызматтан бошотулду. Президент тескемеге кол койдуБекешев: Көлбаевдин бардык мүлкү мамлекетке өткөн эмесТаласта фотокапкандардын объективине ак илбирс, сүлөөсүн жана башка жаныбарлар түштүСыдыгалиев: оор кылмыш боюнча айыпталгандар камакта болушу керекБишкекте «CYBERVISION 2026» заманбап көргөзмөсү өтөт
Самат Курманкулов “Эрдик” медалы менен сыйланды
01.11.2019 | 12:11
Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов “Эрдик” медалы менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков колду.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Курманкулов коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн сыйланган.
Белгилей кетсек, 7-август күнү кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Самат Курманкуловдун башынана таш тийген.
Учурда Курманкулов Москвадагы Бурденко атындагы борборда дарыланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом