Кыргызстанда алимент төлөбөгөндүгү үчүн камакка алынат — жаңы мыйзам

Президент Садыр Жапаров алиментти жана эмгекке жарамсыз ата-энесин багууга каражатты төлөбөгөндүгү үчүн административдик камакка алууну киргизүүнү караган мыйзамга кол койду. Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, төлөмдөрдөн үч айдан ашык убакыт качкан учурда карызкор үч суткага камакка алынышы мүмкүн.
Бир жылдын ичинде мыйзам бузуу кайталанган учурда административдик камактын мөөнөтү жети суткага чейин узартылат. Ушундай эле катаал чаралар соттун актысын же макулдашууну бузуу менен эмгекке жарамсыз жана муктаж ата-энесин багууга каражатты үч айдан ашык убакыт атайылап төлөбөгөн жарандарга карата да колдонулат.
Түзөтүүлөр алименттик милдеттенмелер боюнча соттун чечимдерин аткаруудан качуу учурларынын өсүп жатканына байланыштуу демилгеленген. Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө карызкорлорго таасир этүүнүн мурдагы чаралары натыйжасыз болгонун, ошондуктан жоопкерчиликти катаалдаштыруу балдардын жана улгайган жарандардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл чара болуп калгандыгын баса белгилешкен.