Кыргызстан чет элдик өнөктөштөрдүн сунушу менен 50 компанияны жабат

Кыргызстанда чет элдик өнөктөштөрдүн сунушу менен жогорулатылган санкциялык тобокелдиктери бар операцияларга катышкан болушу мүмкүн болгон 50 юридикалык жак жоюлат (ликвидацияланат). Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары макамында санкциялык саясат маселелери боюнча атайын өкүл болуп дайындалган экономика министри Бакыт Сыдыков өзүнүн расмий билдирүүсүндө маалымдады.
Бишкек 2023-жылдан бери АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин мекемелери менен диалог жүргүзүп, тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн бардык зарыл маалыматтарды берип келүүдө. Криптовалюта рыногун көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл бурулууда: өлкөдө Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялары боюнча улуттук агенттик түзүлгөн, ошондой эле блокчейн-транзакцияларын талдоо инструменттерин киргизүү жана мыйзамдарды FATF стандарттары боюнча өркүндөтүү пландалууда.
Сыдыков Кыргызстан өз юрисдикциясын жана каржы тутумун мыйзамсыз ишмердүүлүк үчүн же чектөө режимдерин кыйгап өтүү үчүн колдонууга жол бербестигин баса белгиледи. Ошол эле учурда республика өнөктөштөр тарабынан салмактуу мамиленин зарылдыгынан келип чыгат жана экинчилик бир тараптуу санкцияларды үчүнчү өлкөлөргө жайылтуу тажрыйбасы рыноктун ак ниет катышуучулары үчүн келип чыгышы мүмкүн болгон экономикалык кесепеттерди кылдат эске алууну талап кылаарын белгилейт.