Кыргыз улуттук университетинде бүтүрүүчүлөрдөн пара талап кылуу фактысы аныкталдыЖээнбек Кулубаев Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы жаңы элчиси менен жолугуштуБишкекте пенсионердин батирин саттырып, 60 миң долларын ээлеп алган шектүү кармалдыАлыскы Зардалы айылына заманбап үйлөр курулатКеминде мыйзамсыз курулуп жаткан завод аныкталып, айып пул салындыОш — Алай жолундагы сел унааны агызып кетип, 6 адам каза болду
Санитардык нормаларды бузган ишкерлерге 1 млн сомдон ашык айып пул салынды
18.08.2020 | 14:51
Убактылуу иштөө режими киргизилгенден бери Санитардык-экологиялык инспекциянын (СЭИ) инспекторлору 1 миллион 477 миң сомго 339 протокол түзүштү. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Өткөн дем алыш күндөрү 15-16-августта инспекторлор 90го жакын ишкердик субъекттерин текшерип, Бузуулар жөнүндө Кодекстин 293-беренеси боюнча 12 протокол түзүшкөн. Айып пулдун суммасы 46 миң сомго жетти.
Белгилей кетсек, пандемия шарттарын бузгандардын арасында: “Кайнар”, “Палазио”, “Сары Өзөн” ресторандары, “Абстракт” кафеси, ошондой эле Киев менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Народный” супермаркети, “Даамдуу” тез тамактануучу жайы бар.
Мындан ары дагы санитардык рейддер улантылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика