Бир дарак кыйылса — ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты

Жогорку Кеңештин депутаттары шаарлардагы жана айылдардагы бак-дарактарды коргоо ыкмасын толугу менен өзгөртүүнү сунуштап жатышат. Жашыл насажденияларга экологиялык коопсуздукту камсыз кылган өтө маанилүү инфраструктура макамын берүү сунушталууда. Парктар менен скверлердин аянтын жаңы курулуш үчүн кыскартууга болбойт. Ар бир даракты санариптик эсепке алып, бир кыйылган дарактын ордуна беш жаңы көчөт отургузуу сунушталууда.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралууда. Анын авторлору — депутаттар Дастан Бекешев, Улукбек Карыбек уулу, Жаныбек Абиров жана Улан Кыдыралиев.
Өзгөртүүлөр бир эле учурда жети мыйзамдык актыны камтыйт. Алардын максаты — бак-дарактар жөн гана көрктөндүрүүнүн бир бөлүгү эмес, мыйзам менен корголгон жана эсепке алынган объект боло турган бирдиктүү системаны түзүү.
Авторлор өзгөртүүлөрдүн зарылдыгын калктуу конуштарда бак-дарактарды массалык түрдө кыюу жана рекреациялык аймактарга мыйзамсыз курулуш жүргүзүү учурлары көбөйгөнү менен түшүндүрүшөт.
Ар бир даракка санариптик паспорт берүү сунушталууда
Мыйзам долбоорунда жашыл насажденияларды толук инвентаризациялоо сунушталат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бак-дарактардын ачык электрондук реестрин түзүүгө милдеттүү болот.
Ар бир даракка уникалдуу номер берилет. Базага анын координаттары жана абалы тууралуу маалымат киргизилет. Инвентаризацияны кеминде эки жылда бир жолу жүргүзүү сунушталууда.
Маалымат жалпыга ачык болушу керек. Жарандар белгилүү бир аймакта кайсы дарактар расмий каттоодо турганын көрө алышат. Бул курулуш учурунда бак-дарактар эмне болуп жатканын көзөмөлдөөгө да мүмкүнчүлүк берет.
Парктар менен скверлердин аянтын кыскартууга болбойт
Мыйзам долбоору жашыл фонддун аймактарын кыскартууга түздөн-түз тыюу салууну да карайт. Сөз парктар, скверлер, бульварлар жана бактар жөнүндө болуп жатат.
Алардын аянтын башкы пландарды жана деталдуу пландоо долбоорлорун өзгөртүү учурунда да кыскартууга болбойт.
Жашыл аймакты тейлөөгө тиешеси жок объекттерди куруу үчүн жердин максаттуу багытын өзгөртүүгө да тыюу салуу сунушталууда.
Парктардын, скверлердин жана бульварлардын чек аралары мамлекеттик электрондук карталарга түшүрүлүшү керек. Бул маалыматтар жалпыга ачык болот.
Мындан тышкары, шаардык токойлорду, парктарды, скверлерди жана бульварларды өзгөчө баалуу жерлердин катарына киргизүү сунушталууда.
Ар бир адамга кеминде 14 чарчы метр жашыл аймак
Депутаттар конкреттүү ченемдерди сунуштап жатышат. Калктуу конушта жашаган ар бир адамга жалпы пайдалануудагы кеминде 14 чарчы метр жашыл аймак туура келиши керек.
Жашыл аймактардын жеткиликтүүлүгүнө да талап коюлат. Парк, сквер, бульвар же шаардык токой жашоочулардан 500 метрден алыс болбошу керек.
Демек, кеп учурдагы бак-дарактарды сактап калуу жөнүндө гана эмес. Мыйзам долбоору калктуу конуштарда жашыл аймактар канча болушу жана алар эл үчүн канчалык жеткиликтүү болушу керектиги боюнча минималдуу талаптарды белгилейт.
Бир дарак кыйылса — ордуна бешөө отургузулат
Дагы бир маанилүү норма компенсациялык жашылдандырууга байланыштуу. Ар бир кыйылган дарактын ордуна беш жаңы көчөт отургузуу керек болот. Алар кичинекей көчөттөр болбошу керек. Жалбырактуу дарактардын бийиктиги кеминде 2,5 метр, ийне жалбырактуулардыкы кеминде 2 метр болушу шарт.
Дарактар жергиликтүү климатка ылайык болушу керек. Аларды биринчи кезекте дарак кыйылган ошол эле кичи районго же кварталга отургузуу сунушталууда. Эгер ал жерде бош жер жок болсо, жергиликтүү бийлик калктуу конуштун чегинен башка жер бөлүп берүүгө тийиш.
Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин комитеттеринин биринин жыйынында мыйзам долбоорунун авторлору бизнес коомчулугу менен жолугуп, документти талкуулашканын билдирди.
«Башында бир кыйылган дарактын ордуна 10 көчөт отургузууну пландаганбыз. Бирок бизнес өкүлдөрү бул өтө оор экенин айтышты. Ошондуктан компенсацияны беш көчөткө чейин кыскартууну чечтик», — деди Бекешев.
Отургузуп коюп, унутуп калууга болбойт
Жаңы дарактар үчүн жоопкерчилик аларды отургузуу менен эле бүтпөйт.
Курулуш компаниясы же башка жооптуу тарап үч жыл бою аларды багып, сугарып турууга милдеттүү болот. Эгер ушул убакыттын ичинде көчөттөр куурап калса, аларды өз каражатына кайра отургузууга туура келет.
Айрым учурларда өзгөчө шарттар каралган. Мисалы, форс-мажор, үчүнчү жактардын аракеттери же жергиликтүү бийликтин күнөөсүнөн ирригациялык тармакка суу берилбей калышы.
Эгер чоң даракты ийгиликтүү көчүрүп, ал жаңы жерде тамыр алып кетсе, анын ордуна дагы беш көчөт отургузуунун кереги жок.
Куураган, авариялык абалдагы жана жашоо жөндөмүн жоготкон оорулуу дарактарды алып салууда да компенсациялык көчөт отургузуу талап кылынбайт.
Массалык кыюу үчүн экспертиза талап кылынат
Көп сандагы бак-дарактарды алып салуу пландалган долбоорлор үчүн өзүнчө талаптар киргизилет.
Эгер ондон ашык даракты же бадалды алып салуу пландалса, долбоор экологиялык экспертизадан өтүшү керек.
Ошол эле учурда ашыкча бюрократияны болтурбоо каралган. Эгер бак-дарактарды кыюу комплекстүү мамлекеттик экспертизадан өтүп жаткан объекттин долбоордук документтеринде каралса, өзүнчө экспертизадан өтүүнүн зарылдыгы болбойт.
Калктуу конуштардагы долбоорлор үчүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди баалоонун милдеттүү бөлүгү дендроплан болот. Бул, жөнөкөй айтканда, бак-дарактардын деталдуу картасы. Анда ар бир өсүмдүктүн түрү, жашы жана абалы көрсөтүлүшү керек.
Компенсациялык жашылдандыруу планы даяр болмоюнча, бак-дарактарды кыюуга оң корутунду алууга мүмкүн болбойт.
Арыктар да бак-дарактарды коргоо системасына кирет
Мыйзам долбоору сугат системасын да өзүнчө коргоону сунуштайт.
Ирригациялык тармак — арыктар, каналдар, түтүктөр, насостук станциялар жана скважиналар — жашыл фонддун ажырагыс бөлүгү катары таанылат.
Курулуш учурунда иштеп жаткан арыкты жөн эле жаап же үстүнө курулуш салууга болбойт.
Эгер курулуш учурдагы ирригациялык системага таасир этсе, курулуш жүргүзгөн тарап аны калыбына келтириши же жаңысын түзүшү керек.
Мында суу курулуш объектисинин аймагына гана эмес, коңшу участокторго да жетип турушу шарт. Анткени бир арыктын жабылышы чоң аймактагы бак-дарактарды суусуз калтырышы мүмкүн.
Жеке менчик жердеги дарактар да корголот
Жашыл насаждениялар түшүнүгүн кеңейтүү сунушталууда. Ага жердин менчик формасына карабастан, шаарлардагы жана башка калктуу конуштардагы дарактар, бадалдар жана чөп өсүмдүктөрү кирет.
Жашыл аймактарга короолордогу жашылдандыруу да киргизилет.
Жер пайдалануучулар өздөрүнө берилген участоктордогу көп жылдык өсүмдүктөрдүн сакталышын камсыз кылууга милдеттүү болот. Бак-дарактарды кыюуга мыйзамда белгиленген жол-жоболор жана компенсациялык жашылдандыруу талаптары сакталган учурда гана жол берилет.
Дарактарды жок кылуу үчүн өзүнчө айып пул каралат
Укук бузуулар жөнүндө кодекске курулуш иштеринин же жеңил типтеги объекттерди орнотуунун жүрүшүндө бак-дарактарды жана бадалдарды жабыркатуу же жок кылуу үчүн өзүнчө жоопкерчилик киргизүү сунушталууда.
Жеке жактар үчүн айып пул 7 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 13 миң сомду түзөт.
Мыйзамсыз кыюу үчүн жоопкерчиликти мамлекеттик токой фондуна кирбеген, бирок калктуу конуштардын аймагында өскөн дарактарга да түздөн-түз жайылтуу сунушталууда.
Курулуш компаниялары үчүн эмне өзгөрөт?
Курулуш компаниялары бак-дарактарды долбоор даярдоо этабынан тартып эске алууга тийиш болот.
Айрым учурларда дендроплан түзүп, экологиялык экспертизадан өтүү талап кылынат. Дарак кыйылса, компенсациялык жашылдандыруу жүргүзүп, жаңы көчөттөрдүн багылышын камсыз кылуу керек.
Бирок мыйзам долбоорунда бир катар жеңилдиктер да каралган.
Мисалы, бирдей эки экспертизадан өтүүнүн кереги жок. Даракты кыюунун ордуна чоң дарактарды көчүрүп отургузууга артыкчылык берүү сунушталууда. Жаңы көчөттөрдү отургузууга жер жок болсо, муниципалитет башка аймак бөлүп берүүгө тийиш.
Отургузулган дарактарды багуу милдетин турак жай ээлеринин шериктештигине же адистештирилген муниципалдык ишканага өткөрүп берүүгө болот.
Мунун баары эмне үчүн керек?
Негизги өзгөрүү айып пулдарда деле эмес. Шаардагы бак-дарактардын макамын өзгөртүү сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун авторлору бүгүнкү күндө дарак көп учурда аймакты көрктөндүрүүнүн бир элементи катары кабыл алынарын белгилешет. Эми жашыл насажденияларды экологиялык коопсуздук жана адамдардын жашоо сапаты көз каранды болгон критикалык маанидеги инфраструктура катары кароо сунушталууда.
Ошол эле учурда көзөмөл системасы түзүлүшү керек: ар бир дарак эсепке алынат, өзүнүн номери жана координаттары болот, ал тууралуу маалымат элге жеткиликтүү болуп, анын жок болуп кетишин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Жашыл аймактар жайгашкан жерлерди да коргоо сунушталууда. Бул парк же сквердин аянтын шаар куруу документтерин өзгөртүү аркылуу акырындап кыскартууга жол бербеши керек.
Жыйынтыгында система жөнөкөй принципке негизделет: бар бак-дарактарды сактоо, ар бирин эсепке алуу, жашыл аймактарды курулушка бербөө, ал эми даракты кыюу чындап зарыл болсо — анын ордун жаңы дарактар менен толуктап, алардын өсүп кетишин камсыз кылуу.