Сапар Исаков: Жакында Кыргызстанга кайтып келем

Сапар Исаков: Жакында Кыргызстанга кайтып келем

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.  Ал өз кайрылуусунда сот процесстерин ачык айкын өткөрүүнү талап кылып,  өзүнүн коррупцияга тиешеси жок экенин жазган.

«Урматтуу мекендештерим, ардактуу кыргыз элим мени качып кетти, таза болсо качпайт эле деп ар кандай каралоолор болуп жатат. Мен ачык кайрылуу кылып коюуну туура көрдүм. 9-октябрь күнү менин жеке өмүрүмө коркунуч болуп, менин унаама ок атылгандыгы, баарыңыздарга айтпасамда белгилүү. Өзүмдүн, үй- бүлөмдүн коопсуздугун ойлоп, убактылуу чет өлкөгө чыгып кеткенге аргасыз болгом. Жакынкы арада акыйкаттык орноп,сөзсүз сүйүктүү Кыргызстаныбызга кайтып келем деп толук ишенем.

Урматтуу президент, соттор мен сиздерден ачык айкын сот процесстерин өткөрүүңүздөрдү талап кылам. Себеби мурдагы бийлик саясий куугунтук кылып, эч бир далилсиз камаган, азыркы убакытка чейин байлыктарымды, же чет өлкөлөрдөн банктык эсептерден бир тоголок тыйын, же бирөө-жарым пара бергендигин далилдей алган жок. Бул менин тазалыгымдын белгиси, жана саясий куугунтук экендигинен кабар берет.

Урматтуу президент, мен жеке сизден ачык айкын сот процесстерин өткөрүп берүүңүздү суранам жана талап кылам. Тилекке каршы азыр дагы белгисиз себептерден соттук отурумдар жөнү жок жылууда. Ачык айкын, адилеттүү соттук териштирүү болсо, менин күнөөм жок экени далилденет да, чыныгы ошол убактагы коррупционерлер, чыныгы ТЭЦке күнөөлүүлөр ачыкка чыгат. Мен ишенем азыркы бийлик, мурдагы бийликтин катасын кетирбейт деп. Акылман элибиз баарын көрүп билип турат, жана өз баасын берет сөзсүз”, — деген Исаков.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу күнөөлү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди ушул жылдын 23-мартында Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова чыгарган. Мындан тышкары Улуттук тарых музейди жана Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иш боюнча 18 жылга кесилген.

Шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир нече саясатчы абактан чыгып кетип кайра кармалышкан. Ал эми абакка катып барбагыны үчүн премьер-министр Сапар Исаков менен экс-мэр Албек Ибраимовго мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>