Абактан ооруканага: УКМКда ооруп калган саясатчылардын тизмеси

Абактан ооруканага: УКМКда ооруп калган саясатчылардын тизмеси

24-февралда ЖМКларда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жеке клиникага жаткырылды деген маалымат тараган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы комментарий берүүдөн баш тарткандыктан, ЖМКлар өз булактарына шилтеме берүү менен жазышкан.

Мындан бир нече күн мурун Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге УКМКнын тергөө абагына барганда, Матраимовго дагы барган, ал кан басымынын жогорулашына нааразы болгон.

Материмов дарыланып жаткан клиниканын жайгашкан жери жөнүндө Reporter.kg’нин редакциясы азырынча так маалыматка ээ эмес.

Reporter.kg кайсы белгилүү инсандар камакта жаткан учурда УКМКнын СИЗОсунан жана түрмөдөн чыгарып, медициналык мекемелерде дарыланганын тизмектеп көрдү.

  • Сентябрь 2020 — Президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Молдовановка айылындагы No26 колония-поселкасынан Улуттук госпиталдын кардиология бөлүмүнө жаткырылган. Диагноз — гипертония;
  • Июнь 2020 — Экс-президент Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмония менен ооруканага жаткырылган. Диагноз – өпкөсүнөн эки тараптуу пневмония;
  • 2018-жылдын декабрь айы — Улуттук коопсуздук кызматынын (азыркы УКМК) экс-башчысы Мурат Суталинов Мамлекеттик Жаза аткаруу кызматынын No47 түзөтүү колониясынан Улуттук онкология борборуна жаткырылган. Диагноз — өпкө жүрөк жетишсиздиги, өнөкөт холецистит ж.б.у.с.
  • 2018-жылдын декабрь айы — УКМКнын СИЗОсунан депутат Осмонбек Артыкбаев жүрөгүнө операция жасалган соң, БНИТСТО ооруканасына жаткырылган;
  • 2018-жылдын сентябрь айы — УКМКнын СИЗОсунан экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кардиологиялык клиникага жаткырылган. Анын жүрөгүнө операция жасалган эмес;
  • 2018-жылдын август айы — УКМКнын СИЗОсунан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ооруканага жаткырылган. УКМК Исаковдун омуртка артериясынын синдрому бар экендигин билдирген.

Ошондой эле, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевге кандагы курч лейкоз диагнозу коюлуп, 2013-жылы Нарын шаардык соту аны камактан бошоткон.

Белгилей кетсек, ооруканага түшкөн бир катар адамдар дарылануу курсунан кийин тергөө изоляторунун амераларына кайтып келишкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>